Банктар пайызсыз насыяларды көлөмүн 5 млн сомго чейин жогорулатууну суранышты

Финансы министрлигинде 11 коммерциялык өнөктөш банктын жетекчилери менен ишкерлерге пайызсыз насыяларды тоскоолдуксуз берүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Банк жетекчилери ишкерлердин камтылышын жогорулатуу максатында жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин жеткен ишкерлер үчүн экинчи категориядагы каржылоонун көлөмүн 5 млн сомго чейин көтөрүүнү сунушташты.

Өнөктөш банктардын жетекчилери долбоорго каражаттын жетишсиздигинен жыл башында 3 айдан ашык кечигүүлөр болгонун белгилешти. Министрдин орун басары Руслан Татиков, коммерциялык банктар бул кредиттерди берүү үчүн каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн учурда Фаржы министрлиги тарабынан кайтарымдуулук кепилдиги менен өз каражаттарынын эсебинен чыгарууну сунуштады.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрынан тарта КРнын Финансы министрлиги 11 коммерциялык банк менен биргеликте чакан жана орто бизнеске кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтүүдө.