> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги Санкт-Петербургда мигранттарды ишке орноштуруусун жакшыртууга ниеттенүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/06/emghiek-ministrlighi-sankt-pietierburghda-mighranttardy-ishkie-ornoshturuu-protsiessin-zhakshyrtuugha-niiettienuudo/
- Published: 2023-07-06T03:55:58.000Z
- Updated: 2023-07-06T03:55:57.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Миграциялык альянс (Санкт-Петербург, Россия) биримдиги менен миграциялык долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрлик билдирди.**

Документ кыргызстандык эмгек мигранттарын орусиялык ишканаларга ишке орноштуруу процессин жакшыртууга, иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө, жарандарды ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшөт.

> «Биз Орусиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам жана колдоо көрсөткөн орусиялык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө өзгөчө маани беребиз», - деди Кудайберген Базарбаев.

Миграциялык альянстын негиздөөчүсү, Bronka Group холдингинин башкы директору Никита Муровдун айтымында, Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги менен кызматташуунун маанилүү максаты Санкт-Петербургдагы жана Ленинграддагы иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү платформасын түзүү болуп саналат.