> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда оруп жыйноо иштери кызуу жүрүүдө
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/06/osh-oblusunda-orup-zhyinoo-ishtieri-kyzuu-zhuruudo/
- Published: 2023-07-06T04:20:19.000Z
- Updated: 2023-07-06T04:20:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Керме-Тоо айыл аймагындагы кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.**

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Керме-Тоо айыл аймагында 2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы 393 гектар жер аянтына күздүк жана жаздык буудай үрөндөрү себилген.

Өкүлдүн биринчи орун басары Уристем Манапов азык-түлүк коопсуздугу бардык өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн приоритет болууга тийиш экенин жана жоопкерчиликтүү мамиле гана азык-түлүк сапатын жана коопсуздугун камсыз кыла аларын баса белгиледи.

Быйыл жаан-чачындын аз болгондугуна байланыштуу түшүм гектарына 18-20 центнерден түшүм алынды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/358385200_314110967621415_6982596954966983643_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/357437069_314110947621417_626128194277423330_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/358381138_314110917621420_3468850223481088404_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/358131917_314110817621430_7830508047031636214_n.jpg)