Ош облусунда оруп жыйноо иштери кызуу жүрүүдө

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Керме-Тоо айыл аймагындагы кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Керме-Тоо айыл аймагында 2023-жылдын түшүмү үчүн жалпы 393 гектар жер аянтына күздүк жана жаздык буудай үрөндөрү себилген.

Өкүлдүн биринчи орун басары Уристем Манапов азык-түлүк коопсуздугу бардык өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр үчүн приоритет болууга тийиш экенин жана жоопкерчиликтүү мамиле гана азык-түлүк сапатын жана коопсуздугун камсыз кыла аларын баса белгиледи.

Быйыл жаан-чачындын аз болгондугуна байланыштуу түшүм гектарына 18-20 центнерден түшүм алынды.