> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 6 айда 116.2 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/06/salyk-kyzmaty-6-aida-116-2-mlrd-som-salyk-zhana-kamsyzdandyruu-toghumdorun-zhyinady/
- Published: 2023-07-06T06:50:44.000Z
- Updated: 2023-07-06T06:50:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165.4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18.7 млрд сомго көп. Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446,2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719.2 млн сомду түзөт.

Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.