> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоңдун балык өстүрүүчү заводунда 1 млн даана карп-сазандын личинкалары кое берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/06/tondun-balyk-osturuuchu-zavodunda-1-mln-daana-karp-sazandyn-lichinkalary-koie-bierildi/
- Published: 2023-07-06T03:10:10.000Z
- Updated: 2023-07-06T03:10:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Тоң балык өстүрүүчү заводдун көлмөлөрүнө комиссия менен 1 млн даана карп-сазандын личинкалары кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, личинкалар ал жакта 2-3 айга чейин кармалып, андан кийин жашоого жарамдуу чабактар Ысык-Көлдүн балык уулоочу тилкелерине коё берилет.

Ушундай эле иш-чараларды департамент КР УИА Биология институтунун кызматкерлери менен бирдикте «Ысык-Көл плюс» балык чарба айыл чарба кооперативинин көлмөлөрүндө жана «Каракол балыгы» көлмөлөрүндө жүргүзүп келет.