Тоңдун балык өстүрүүчү заводунда 1 млн даана карп-сазандын личинкалары кое берилди

Тоң балык өстүрүүчү заводдун көлмөлөрүнө комиссия менен 1 млн даана карп-сазандын личинкалары кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, личинкалар ал жакта 2-3 айга чейин кармалып, андан кийин жашоого жарамдуу чабактар Ысык-Көлдүн балык уулоочу тилкелерине коё берилет.

Ушундай эле иш-чараларды департамент КР УИА Биология институтунун кызматкерлери менен бирдикте «Ысык-Көл плюс» балык чарба айыл чарба кооперативинин көлмөлөрүндө жана «Каракол балыгы» көлмөлөрүндө жүргүзүп келет.