> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч жылдын ичинде бюджеттен «Кыргызавтожолго» 4.8 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/06/uch-zhyldyn-ichindie-biudzhiettien-kyrghyzavtozholgho-4-8-mlrd-som-bolunot/
- Published: 2023-07-06T09:45:27.000Z
- Updated: 2023-07-06T09:45:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үч жылдын ичинде бюджеттен «Кыргызавтожолго» 4.8 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, каражаттар «Кыргызавтожолго» жол-курулуш техникасынын паркын жаңылоо максатында бөлүнөт. Ал эми 2023-жылга Жол фондунун эсебинен жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1.3 млрд сом суммасында каражат бөлүү каралган.

Эске салсак, 2022-жылы жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 20 миң тонна битум жана 32 жол куруу техникасы алынган.