Үч жылдын ичинде бюджеттен «Кыргызавтожолго» 4.8 млрд сом бөлүнөт

Үч жылдын ичинде бюджеттен «Кыргызавтожолго» 4.8 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражаттар «Кыргызавтожолго» жол-курулуш техникасынын паркын жаңылоо максатында бөлүнөт. Ал эми 2023-жылга Жол фондунун эсебинен жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 1.3 млрд сом суммасында каражат бөлүү каралган.

Эске салсак, 2022-жылы жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 20 миң тонна битум жана 32 жол куруу техникасы алынган.