> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бахрейнге Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу маалымат берилди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/07/bakhrieinghie-kyrghyzstandyn-inviestitsiialyk-klimaty-tuuraluu-maalymat-bierildi/
- Published: 2023-07-07T07:35:01.000Z
- Updated: 2023-07-07T07:35:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 6-июлунда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бахрейн королдугунун КРдагы элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Тараптар эки мамлекеттин ортосунда визиттерди уюштуруу жана фундаменталдык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү аркылуу Кыргыз-Бахрейн кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

> Амангелдиев элчиге инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке сектор үчүн түзүлгөн шарттар, административдик чектөөлөрдү жоюу, ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдар, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Министр ошондой эле Бахрейндин жарандары Кыргызстанга 60 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү режими бар экенин, бул туризм тармагын өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн маалымдады.

Тараптар кызматташуунун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу мамилелер мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.