> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажычылар жарым жылдык планды 7.4% аткарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/07/bazhychylar-zharym-zhyldyk-plandy-7-4-atkardy/
- Published: 2023-07-07T10:30:14.000Z
- Updated: 2023-07-07T10:30:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бажы кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджетке иш жүзүндө 48.8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 7.4%га аткарылды же 3.4 млрд сомго ашыкча жыйналды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 17.1 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 53.8%ды түздү.