> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Airbus компаниясынын космостук спутнигинин пайдалануусун сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/07/kyrghyzstan-airbus-kompaniiasynyn-kosmostuk-sputnighinin-paidalanuusun-sunushtady/
- Published: 2023-07-07T08:00:34.000Z
- Updated: 2023-07-07T08:00:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Airbus компаниясынын Вице-президенти Жак Гаригью менен Airbus" компаниясынын космостук спутнигинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселесин талкуулашты.**

Ошондой эле элчи Airbus менен активдүү кызматташуунун башталышы, мурда сатылып алынган тик учактарды пайдалануу тажрыйбасы тууралуу канааттануу менен белгиледи.

Муну менен Франциянын авиация тармагындагы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин эске алуу менен элчи кызматташтыкты кеңейтүү сунушун киргизди. 

Өз кезегинде Гаригью Airbus компаниясы тарабынан А220 классындагы авиабортту пайдалануу практикасы жана кыска аралыкка өлкө ичинде учууларды жүзөгө ашыруу үчүн сыйымдуулугу 90 адамга чейин жана турбо пропеллер менен жабдылган ATR-72 классындагы авиабортторду берүү боюнча элчинин сунушун оң жагына кароого даяр экендиги тууралуу маалымдады. Спутникти пайдалануу жаатында каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери жана варианттары талкууланды.