> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Минкаб Индиянын фармацевтикалык ишканаларына Кыргызстанда  өндүрүштөрдү ачууну сунуштады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/07/minkab-indiianyn-farmatsievtikalyk-ishkanalaryna-kyrghyzstanda-ondurushtordu-achuunu-sunushtady/
- Published: 2023-07-07T08:25:22.000Z
- Updated: 2023-07-07T08:25:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Индиянын Хайдарабад шаарында өтүп жаткан 9-эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Эдиль Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компаниялардын жана бир катар өндүрүштүк бирикмелердин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө эки тарапка тең пайдалуу келишимдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачуу аркылуу активдүү кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында түз келишимдер аркылуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн «Кыргызфармация» жаңы мамлекеттик ишканасынын бет ачарына тегерек стол уюштурулду.