> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы калктын кирешеси 637.1 млрд сомду түздү – Статистика комитети
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/10/2022-zhyly-kalktyn-kirieshiesi-637-1-mlrd-somdu-tuzdu-statistika-komitieti/
- Published: 2023-07-10T03:20:11.000Z
- Updated: 2023-07-10T03:20:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637.1 млрд сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17.6%га көбөйдү.**

Муну менен катар 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559.2 млрд сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 3.2%га өстү.

2022-жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери айына 7 396.7 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5.5%га көбөйдү.

2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча айына 7 948.4 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 19.6%га өстү.