> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан суюлтулган газдын арзандыгы боюнча алдыңкы беш өлкөгө кирет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/10/kyrghyzstan-en-arzan-avtoghaz-boiuncha-duinonun-aldynky-biesh-olkosundo-kaluuda/
- Published: 2023-07-10T09:49:38.000Z
- Updated: 2023-07-10T09:49:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан 2023-жылдын ортосуна карата суюлтулган мунай газынын (CМГ) арзандыгы боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлдөгөн Global Petrol Prices аналитикалык ресурсу берди.**

> Ресурстун маалыматы боюнча, 3-июлга карата КРда суюлтулган газдын орточо баасы литрине 0.338 долларды түзөт.

Алжир, Ангола, Сауд Арабиясы жана Россия сыяктуу мунай жана газ өндүрүүчү өлкөлөрдө гана СМГ арзаныраак.

> Дүйнөдө суюлтулган газдын орточо баасы Кыргызстандагыдан эки эсе кымбат, тагыраак айтканда ал — 0.69 долларды түзөт.

Суюлтулган газдын эң жогорку баасы Швеция, Швейцария жана Германияда байкалат.