Кыргызстан суюлтулган газдын арзандыгы боюнча алдыңкы беш өлкөгө кирет

Кыргызстан 2023-жылдын ортосуна карата суюлтулган мунай газынын (CМГ) арзандыгы боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө күйүүчү-майлоочу майлардын баасын көзөмөлдөгөн Global Petrol Prices аналитикалык ресурсу берди.

Ресурстун маалыматы боюнча, 3-июлга карата КРда суюлтулган газдын орточо баасы литрине 0.338 долларды түзөт.

Алжир, Ангола, Сауд Арабиясы жана Россия сыяктуу мунай жана газ өндүрүүчү өлкөлөрдө гана СМГ арзаныраак.

Дүйнөдө суюлтулган газдын орточо баасы Кыргызстандагыдан эки эсе кымбат, тагыраак айтканда ал — 0.69 долларды түзөт.

Суюлтулган газдын эң жогорку баасы Швеция, Швейцария жана Германияда байкалат.