Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2.4%га өстү

Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2.4%га өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Маалым болгондой, ЕАЭБ өлкөлөрүндө быйылкы жылдын беш айында айыл чарба өндүрүшү 3.2%га өскөн. Алсак, Кыргызстанда – 2.4%, Казакстанда – 3.5%, Россияда – 3% жана Беларуста – 5.4%га өсүү байкалган.

Атап айтканда, ЕАЭБде мал чарбачылыгынын негизги продукциясын өндүрүүдө союлган мал жана канаттуулар – 2.8%, сүт – 3.7%, жумуртка – 2.1%га көбөйгөн.