Сентябрда Чүйдө керамзит чыгаруучк ишкана ишке киргизилет

«Кыргызиндустрия» ААКнын вице-президенти Азамат Байышбеков жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы «Кыргызкерамзит» заводун ишке киргизүү боюнча даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Учурда куруу жана монтаждоо жумуштары ийгиликтүү аяктап, долбоорду ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ушул жылдын сентябрь айында «Кыргызкерамзит» заводундагы өндүрүш толук кубаттуулугуна чыгат деп күтүлүүдө.

Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн жогорку сапаттуу керамзитке болгон ички керектөөсүн камсыздоо. Завод ички рынокту курулуштук, изоляциялык жана ысыкка чыдамдуу, жогорку стандарттарга жооп берүүчү продукция менен камсыздайт.

Керамзит маанилүү курулуш материал катары курулуш өнөр жайынын көп тармактарында колдонулат. Керамзит жеңил, бышык жана жылуулукту сактоочу материал болгондуктан куруу жумуштарынын сапатын жана натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.