> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын ИПДсы 3.9%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/11/kyrghyzstandyn-ipdsy-3-9-gha-ostu/
- Published: 2023-07-11T11:55:55.000Z
- Updated: 2023-07-11T11:55:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ИПДнын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 453 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3.9%га көбөйдү. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.**

2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (38.5%га), фармацевтикалык продукциялардын (26.4%), химиялык продукциялардын (22%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин (19.8%), резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн (16.9%), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (10%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6.1%) көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0.4% көбөйдү.

> Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 11.2%, айыл чарбасында 2.5%, дүң жана чекене соодада 17.8% түздү.