Кыргызстандын ИПДсы 3.9%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ИПДнын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 453 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3.9%га көбөйдү. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.

2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (38.5%га), фармацевтикалык продукциялардын (26.4%),  химиялык продукциялардын (22%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин (19.8%), резина жана пластмасса буюмдарын,  курулуш материалдарын өндүрүүнүн (16.9%), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (10%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6.1%) көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0.4% көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 11.2%, айыл чарбасында 2.5%, дүң жана чекене соодада 17.8% түздү.