> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылдын алты айында эмгек акыларга 62 млрд сом чыгымдалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/12/2023-zhyldyn-alty-aiynda-emghiek-akylargha-62-mlrd-som-chyghymdaldy/
- Published: 2023-07-12T11:00:55.000Z
- Updated: 2023-07-12T11:00:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-июнь айлары үчүн эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгымдар 62 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чыгымдар 41.9%га көбөйдү.

Бул өсүш 2022-жылы мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин башка категорияларынын эмгегине акы төлөө шарттарын өркүндөтүүгө байланышкан:

· 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлери, мамлекеттик жарандык кызматчылардан жана муниципалдык кызматчылардан тышкары;

· 2022-жылдын 1-августунан баштап мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар.