2023-жылдын январь-майында тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 5.2 млрд долларга жакындады

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5.2 жакын млрд долларын түздү. 2022–жылдын январь-майына салыштырмалуу 27.9%га көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21.9%га, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29.2%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1.6 млрд жакын долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3%га төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10.6%га көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8.3%га кыскарган.

2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64.4%) жана Казакстанга (33.2%) туура келди.