2023-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 0.3%га гана өстү

2023-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 млн 200 миң гектардан ашты, бул мурунку жылга салыштырмалуу 0.3%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Дандык жүгөрүнүн өсүшү айдоо аянттарынын  (5.7 миң га  же 5.3%га  жана арпанын     (3.1 миң га  же 1.3%га) көбөйүшү менен камсыздалды.  Мындан тышкары, кант кызылчасынын айдоо аянты (4.1 миң гектарга, же 45.3% га), күрүч (0.2 миң гектарга же 1.3% га) жана тоют өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты (4.7 миң гектарга же 1.2% га) көбөйдү.

Муну менен катар пахтанын айдоо аянттары - 4 миң гектарга, же 18.4% га, май өсүмдүктөрү – 2.5 миң гектарга, же 14.1% га, буурчак өсүмдүктөрү – 3.5 миң гектарга же 6.2% га, картошка – 1.7 миң гектарга же 2.3% га, ошондой эле жашылчалар – 0.6 миң гектарга же 1% га азайганы белгиленген.