> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Билим берүү тармагы 2023-жылы 65.3 млрд сомго каржыланат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/12/bilim-bieruu-tarmaghy-2023-zhyly-65-3-mlrd-somgho-karzhylanat/
- Published: 2023-07-12T04:40:56.000Z
- Updated: 2023-07-12T04:40:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Билим берүү тармагы 2023-жылы 65.3 млрд сомго каржыланат. 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Мекеме тактагандай, КРда акыркы жылдары республикалык бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү менен мамлекеттик, анын ичинде билим берүү тармагына чыгашалардын өсүшү байкалууда. Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:

· 2019-жыл – 32.6 млрд сом же ИДПга карата 5.5%;

· 2020-жыл – 36.2 млрд сом же 6%;

· 2021-жыл – 40.7 млрд сом же 5.6%;

· 2022-жыл – 63.2 млрд сом же 6.9%;

· 2023-жыл – 65.3 млрд сом же ИДПга карата 7%.

Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Капиталдык салымдар:

· 2019-жыл – 1.9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;

· 2020-жылы – 1.2 млрд сом же 38%;

· 2021-жылы – 1.9 млрд сом же 32%;

· 2022 – 5.7 млрд сом же 33%.

Дем берүүчү гранттар:

· 2019-жыл – 183.8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;

· 2020-жыл – 204.9 млн сом же 59%;

· 2021-жылга – 214.2 млн сом же 42%;

· 2022-жылга – 318.5 млн сом же 54%.

Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү тармагына жумшалат.