Энергетика министри Бала-Саруу ГЭСинин жабдууларын Global Hydro Energy компаниясынан кабыл алды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Австриялык Global Hydro Energy компаниясы менен Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна байланыштуу жабдууларын кабыл алды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Министр Венадагы заводдо жабдууларды кабыл алуу менен жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Учурда Вена шаарындагы Global Hydro Energy заводунда турабыз. Бала-Саруу ГЭСине керектуу гидротурбиналык жабдуусунун комплектине: спиралдык камерага, турбина алдындагы затворго, багытточу аппаратга, муздатуучу системасына сыноо процедураларын өткөрүүгө жана техникалык жактан көзөмөлдөөгө келгенбиз. Жабдуулардын баардыгы курулуш графигине ылайык этап менен жеткирилүүдө. Жабдуулардын сапаты биз ойлогондой болду. Муну менен биз Бала-Саруу ГЭСинин негизги жабдуулары даяр жана Кыргызстанга жонотуу алдында турабыз десек болот», - деди министр.

Белгилей кетчү нерсе, аталган компания Бала-Саруу ГЭСи үчүн жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзгөн үч гидроагрегат комплектиси менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек Бала-Саруу ГЭСи коюлган план боюнча ушул жылдын сонунда ишке берилиши керек.