> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда керектөө баалары 5.1%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/12/kyrghyzstanda-kieriektoo-baalary-5-1-gha-ostu/
- Published: 2023-07-12T03:00:49.000Z
- Updated: 2023-07-12T03:00:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5.1%ды түздү. Алдын ала маалыматты Статистика комитети берди.**

Такталгандай, алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге баалар 7.7%га, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3.6%га, азык – түлүк эмес товарларга – 6.4%га жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер – 5.8%га жогорулады.

> Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды.

Мында баалардын максималдуу өсүшү (9.3%га) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын (12.9%га), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин (12.8%га), ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6.2%га) баасынын өсүшү менен шартталган.