> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги 10 миң гектарга жайыт үрөнүн себет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/13/aiyl-charba-ministrlighi-10-min-ghiektargha-zhaiyt-uronun-siebiet/
- Published: 2023-07-13T03:00:50.000Z
- Updated: 2023-07-13T03:00:49.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99.5 тонна жайыт үрөнү сатып алынган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, жайыт үрөнү жалпысынан 10 миң гектар аянтка себүү үчүн облустарга бөлүнүп берилет. Ал эми жайыт үрөндөрүн өзүбүздө өндүрүү үчүн 5 тонна жайыт үрөнү үрөңчүлүк чарбаларга бөлүнүп берилет.

Россиядан жайыт үрөнүн төмөнкү 6 сорту сатып алынды: тимофеевка (кара кыяк), кострец (буудайык), ежа сборная (ак-сокто), райграс, овсянница (бетеге), житняк.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/5a7eac0b-e054-4d95-86ea-bc7c20946a4c.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/38fd5094-52b1-479c-aabc-1702a4671984-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/d2973239-f08d-4145-b59b-ddd8fe54f4eb.jpg)