> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда канча жасалма уруктандыруу пунктары бар экендигин Айыл чарба министрлиги айтып берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/13/kyrghyzstanda-kancha-zhasalma-uruktandyruu-punktary-bar-ekiendighin-aiyl-charba-ministrlighi-aityp-bierdi/
- Published: 2023-07-13T10:50:20.000Z
- Updated: 2023-07-13T10:50:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда боюнча бүгүнкү күндө 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Такталгандай, 2023-жылдын II кварталына карата 58 037 баш уй-кунаажындар уруктандыруудан өткөрүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын II кварталына салыштырмалуу (57 340) 697 башка көп уруктандырылды.

Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум «Элита» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин 3 562 кг суюк азот өндүрүп, региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келет.