Кыргызстанда канча жасалма уруктандыруу пунктары бар экендигин Айыл чарба министрлиги айтып берди

Кыргызстанда боюнча бүгүнкү күндө 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2023-жылдын II кварталына карата 58 037 баш уй-кунаажындар уруктандыруудан өткөрүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын II кварталына салыштырмалуу (57 340) 697 башка көп уруктандырылды.

Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум «Элита» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 1-январынан 1-июлуна чейин 3 562 кг суюк азот өндүрүп,  региондордогу техник уруктандыруучуларды суюк азот менен камсыздап келет.