> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.5 млрд кубометрден ашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/13/toktoghul-suu-saktaghychyndaghy-suunun-kolomu-10-5-mlrd-kubomietrdien-ashty/
- Published: 2023-07-13T10:00:04.000Z
- Updated: 2023-07-13T10:00:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 544 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды.**

Мекеме билдиргендей, суу сактагычка суунун агып кириши агымдан ашат. Суунун агып кириши секундасына 615 м³, чыгымы 442 м³ деңгээлинде.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыдан төмөн бойдон калып, суу сактагычтын өзү жай толуп жатканын кошумчалайбыз. Бул коомчулукта, массалык маалымат каражаттарында, жада калса депутаттарда да суроолорду жаратууда.