Улуттук банк интервенциясын өткөрүп 43.5 млн доллар сатты

Улуттук банк 12-июлда валюта рыногунда 43.5 млн доллардан ашык сатканын жөнгө салуучу орган өзүнүн сайтында билдирди.

Бул регулятордун быйыл валюта рыногуна онунчу кийлигишүүсү экенин кошумчалайбыз. Улуттук банк акыркы жолу 24-майда рынокко чыгып, 62.2 млн доллар саткан. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногуна 500 млн 195 миң доллар саткан.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегизи жалпысынан 486.5 млн долларга чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция 190.7 млн долларды сатып алууга багытталган.