> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы Кыргызстанда 10 миң га жайыт үрөнү себилет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/14/2023-zhyly-kyrghyzstanda-10-min-gha-zhaiyt-uronu-siebiliet/
- Published: 2023-07-14T06:15:19.000Z
- Updated: 2023-07-14T06:15:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл республика боюнча 10 000 га жайыт үрөнү себилет. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги Аскарбек Джаныбеков билдирди.**

Анын айытымында, табигый жайыттар көк тоюттун негизги булагы болуп келген жана боло берет. Бирок жыл сайын жайыт аянттарынын түшүмдүүлүгүнө ашыкча зыян келгендиктен деградацияга учурай баштаган. 

> «Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен республика боюнча аз түшүмдүү жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 94 тонна 490 кг жайыт үрөнү алынып келинген. 10 жылдын ичинде бардык жайыт жерлерине жайыт үрөндөрүн себүүнү пландап жатабыз», - деди министр.