«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 12.2 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын июнь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 12 млрд 234 млн сом салык төлөсө, анын 8 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 932.2 млн сом төлөгөн, анын ичинде:

• Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 466.1 млн сом;

• Талас районунун өнүктүрүү фонду (30%) – 279.6 млн сом;

• Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) – 186.4 млн сом.

Декабрь айына карата компанияда 839 кызматкер иштейт.