> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# KOICA мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык планын иштеп чыгууга жардам берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/14/koica-momo-zhiemish-klastierin-onukturuu-boiuncha-stratieghiialyk-planyn-ishtiep-chyghuugha-zhardam-bierdi/
- Published: 2023-07-14T06:45:56.000Z
- Updated: 2023-07-14T06:45:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлиги Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) менен биргеликте мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн негизги концепциясы мөмө-жемиш тармагынын нарк чынжырчасынын негизги түзүүчүлөрүнүн, анын ичинде фермерлердин жана кайра иштетүүчү ишканалар жана анын көмөкчү компоненттеринин, анын ичинде илимий-изилдөө жана мамлекеттик мекемелердин ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөдө турат.

Мындайча айтканда, мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү стратегиясы жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу процессине катышкандар жана органикалык түрдө система аркылуу байланышкан концепцияны камтыйт.

> «Биринчи 5 жылдын планы Ош жана Баткен облустарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен мөмө-жемиш кластерин илгерилетүү жана анын потенциалын бекемдөө болуп саналат. Ал эми узак мөөнөттүү максат пилоттук долбоорлорду Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарына жайылтуу», - деп билдирүүдө белгиленет.

Кыргызстан ыңгайлуу климаттык шарттардан жана коңшу өлкөлөрдөгү туруктуу суроо-талаптан улам дээрлик бардык региондордо мөмө-жемиштерди өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги мөмө-жемиш өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып жана ишке ашырып жатат.