> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддору аркылуу ишти күчөтүүнү тапшырды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/17/akylbiek-zhaparov-onukturuu-fonddoru-arkyluu-ishti-kuchotuunu-tapshyrdy/
- Published: 2023-07-17T11:00:17.000Z
- Updated: 2023-07-17T11:00:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддору аркылуу ишти күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

> «Өнүктүрүү фонддору боюнча ишиңиздерди көрбөй турам, алар экономиканы, бизнести өнүктүрүүнүн реалдуу инструменттери, эмне үчүн аларды толук пайдаланбайсыңар, бул багыттагы иштерди күчөтүп, ал үчун бир орун басар бекитиш керек», – Акылбек Жапаров.

Андан ары Жапаров жаңы жумуш орундарынын санариптик картасын көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары ал Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

> «Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.