Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддору аркылуу ишти күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддору аркылуу ишти күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

«Өнүктүрүү фонддору боюнча ишиңиздерди көрбөй турам, алар экономиканы, бизнести өнүктүрүүнүн реалдуу инструменттери, эмне үчүн аларды толук пайдаланбайсыңар, бул багыттагы иштерди күчөтүп, ал үчун бир орун басар бекитиш керек», – Акылбек Жапаров.

Андан ары Жапаров жаңы жумуш орундарынын санариптик картасын көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары ал Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

«Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.