Минкаб Түштүк Кореяга Hyundai жана Kia сыяктуу заводдорун ачууну сунуштады

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Түштүк Кореяга Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк менен жолугушту. Тараптар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты.

Жапаров ошондой эле учурда Кыргызстанга автоунаа импорттоо боюнча Корея биринчи орунда экенин кошумчалады.

Бул контекстте Минкаб төрагасы корей тарапка Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн эске алуу менен Кореянын Hyundai жана Kia сыяктуу алдыңкы компанияларынын автомобиль заводдорун ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын өлкөдө гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы, мейманкана комплекстерин куруу жаатындагы ири кореялык ишканалардын жана корпорациялардын болушуна кызыкдар экенин белгиледи.