> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт экономиканын 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/17/okmot-ekonomikanyn-2023-zhyldyn-i-zharym-zhyldyghynyn-zhyiyntyghyn-chyghardy/
- Published: 2023-07-17T10:35:23.000Z
- Updated: 2023-07-17T10:35:22.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.**

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев аткарылган иштердин натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук камсыздалганын, ИДПнын өсүү темпи 3.9% түзгөнүн жана 453.4 млрд сомго жеткенин белгиледи.

> «2023-жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 5.2 млрд долларын түзүп, ал 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27.9%га, анын ичинде импорт 29.2%га, экспорт 21.9%га өстү», – деп белгиледи Амангельдиев.

Ал ошондой эле каатчылыкка каршы план толугу менен аткарылганын кошумчалады.