Өкмөт экономиканын 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев аткарылган иштердин натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук камсыздалганын, ИДПнын өсүү темпи 3.9% түзгөнүн жана 453.4 млрд сомго жеткенин белгиледи.

«2023-жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 5.2 млрд долларын түзүп, ал 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27.9%га, анын ичинде импорт 29.2%га, экспорт 21.9%га өстү», – деп белгиледи Амангельдиев.

Ал ошондой эле каатчылыкка каршы план толугу менен аткарылганын кошумчалады.