> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алты айда салыктык эмес кирешелерден 37.8 млрд сом түштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/18/alty-aida-salyktyk-emies-kirieshielierdien-37-8-mlrd-som-tushtu/
- Published: 2023-07-18T10:50:33.000Z
- Updated: 2023-07-18T10:50:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37.8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19.5%ын түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22.6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37.8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 21.5%ды түздү. 

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12.5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 49.7%ды түздү.

Ошондой эле дивиденддердин план 3.2 млрд сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11.1 млрд сомду түздү, б.а. жылдык планга карата 249.1% аткарылган. Ал эми 6 айдын планы 1.6 млрд сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6.1 млрд сом планга ылайык аткарылуусу 82.2%ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5 млрд сомго ашыкча жыйналган.