Алты айда салыктык эмес кирешелерден 37.8 млрд сом түштү

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын биринчи жарым жылына  карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 37.8 млрд сомду түзүп, жалпы кирешелердин 19.5%ын түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктык эмес кирешелердин бекитилген планы 22.6 млрд сомду түзгөн. Ал эми 6 айда аткарылган планы 37.8 млрд сом болуп, пайыздык көрсөткүч такталган планга карата 21.5%ды  түздү.

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылга 6 айына карата салыштырмалуу кирешелер 12.5 млрд сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 49.7%ды түздү.

Ошондой эле дивиденддердин план 3.2 млрд сом өлчөмүндө каралган. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден түшкөн иш жүзүндөгү киреше 11.1 млрд сомду түздү, б.а. жылдык планга карата 249.1% аткарылган. Ал эми 6 айдын планы 1.6 млрд сом ѳлчѳмүндѳ бекитилген, такталган 6.1 млрд сом планга ылайык  аткарылуусу 82.2%ды түздү жана биринчи жарым жылдыгына карата пландан 5 млрд сомго ашыкча жыйналган.