> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министри Улуу Британиянын элчиси менен кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/18/emghiek-ministri-uluu-britaniianyn-elchisi-mienien-kyrghyzstandyktardy-zhumushka-ornoshturuu-masieliesin-talkuulady/
- Published: 2023-07-18T04:05:20.000Z
- Updated: 2023-07-18T04:05:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Британиянын КРдагы элчиси Николас Боулер менен кыргызстандыктарды сезондук жумушка орноштуруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрлик кабарлады.**

Учурда Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда убактылуу сезондук жумушка мыйзамдуу түрдө жумушка алуу британиялык өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

> «Келишимге ылайык, 2023-жылга кыргызстандыктар үчүн 8 миң адам квотасы бөлүнгөн», – деп белгиледи министр.

Ушул күнгө карата сезондук айыл чарба кызматкерлеринин программасы боюнча улуу британиянын фермаларында ийгиликтүү өткөн жарандардын жалпы саны – 5 230 түздү.