Эмгек министри Улуу Британиянын элчиси менен кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу маселесин талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Британиянын КРдагы элчиси Николас Боулер менен кыргызстандыктарды сезондук жумушка орноштуруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Учурда Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияда убактылуу сезондук жумушка мыйзамдуу түрдө жумушка алуу британиялык өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген үч оператор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

«Келишимге ылайык, 2023-жылга кыргызстандыктар үчүн 8 миң адам квотасы бөлүнгөн», – деп белгиледи министр.

Ушул күнгө карата сезондук айыл чарба кызматкерлеринин программасы боюнча улуу британиянын фермаларында ийгиликтүү өткөн жарандардын жалпы саны – 5 230 түздү.