Фермерлерге 3.2 млрд сомго жеңилдетилген насыялар берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 2023-жылдын 14-июлуна карата 3.2 млрд сомго 7 миң 96 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 819 млн сомго 1 951 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» ААК – 469 млн сомго 1 092 насыя;

• «РСК банк» ААК – 349.8 млн сомго 859 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.3 млрд сомго 5 145 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» ААК – 1.1 млрд сомго 2 429 насыя;

• «РСК Банк» ААК – 1.2 млрд сомго 2 716 насыя.