> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери 38 миң жаранга пенсия дайындалды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/18/zhyl-bashynan-bieri-38-min-zharangha-piensiia-daiyndaldy/
- Published: 2023-07-18T07:40:26.000Z
- Updated: 2023-07-18T07:40:26.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын январь-июнь айларында 38 774 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2023-жылы июнь айында 4 583 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.