Жыл башынан бери 38 миң жаранга пенсия дайындалды

2023-жылдын январь-июнь айларында 38 774 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы июнь айында 4 583 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 218 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.