> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык өнөктөштөр Жалал-Абаддын туризмин өнүктүрүүгө жардам берет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/19/el-aralyk-onoktoshtor-zhalal-abaddyn-turizmin-onukturuugho-zhardam-bieriet/
- Published: 2023-07-19T09:05:14.000Z
- Updated: 2023-07-19T09:05:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустун туризм тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, жолугушууга эл аралык эксперт Мейв Обрайн, «Дестинация Жалал-Абад» уюмунун жетекчиси Мекен Маматкулов жана GIZ эл аралык уюмунун «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасынын өкүлдөрү катышты.

> «Жолугушууда облустун туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, 2024-2026-жылдарга карата түзүлүп жаткан программаны талкулоо, кабыл алуу багытында сөз болду. Ошол эле учурда район-шаардык туризмди өнүктүрүү боюнча координациялык кеңешмелердин ролу, облустун туристтик потенциалын эл аралык дэңгээлде таанытуу, туризм багытында иштеген ишкерлердин дараметин жогорулатуу маселелери айтылды», - деп билдирүүдө белгиленди.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары облустун картасына түшүрүлгөн 20 туристтик маршруттар менен таанышты.