> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кеминде 1.2 км узундуктагы суу канал бетон менен төшөлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/07/19/kiemindie-1-2-km-uzunduktaghy-suu-kanal-bieton-mienien-tosholdu/
- Published: 2023-07-19T10:45:07.000Z
- Updated: 2023-07-19T10:45:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын самотек чарба аралык каналы бетон менен төшөлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, канал 1927-жылы курулган. Г-120 формалуу блоктон турган каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4 м3/сек түзүп, Боролдой, Кара-Булак, Ильич жана Дүйшеев а/о жалпы 4 252 га аянтты сугат суу менен камсыз кылат. 

2023-жылга план боюнча 1.2 км узундуктагы монолиттик бетон төшөө пландалып, иш жүзүндө 1 180 метрге монолиттик бетон төшөлүп, иштин 98%ы аткарылды.