Кеминде 1.2 км узундуктагы суу канал бетон менен төшөлдү

Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын самотек чарба аралык каналы бетон менен төшөлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, канал 1927-жылы курулган. Г-120 формалуу блоктон турган каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 4 м3/сек түзүп, Боролдой, Кара-Булак, Ильич жана Дүйшеев а/о жалпы 4 252 га аянтты сугат суу менен  камсыз кылат.

2023-жылга план боюнча 1.2 км узундуктагы монолиттик бетон төшөө пландалып, иш жүзүндө 1 180 метрге монолиттик бетон төшөлүп, иштин 98%ы аткарылды.