Кытайлык Qingdao Кыргызстандын экспортун жогорулатууга жардам берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кытайдын Qingdao Beverage Group Co Ltd. корпорациясынын төрагасы Ван Да менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана Кытай Эл Республикасына азык-түлүк экспорттоо жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Байсалов кытай корпорациясы менен өз ара пайдалуу кызматташуу Кытайга ата мекендик азык-түлүк товарларын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Ван Да республиканын экспорттук потенциалын чыңдоо, соода алакаларын өнүктүрүү жана Кыргызстандын экономикасына жаңы технологияларды тартуу процессине жигердүү салым кошууга даяр экендигин билдирди.